• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Чек ара чыры. Баткен жана Согди облустарынын башчылары Достук айылына барды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Ражаббой Ахмадзода чек ара чыры катталган Баткен районунун Булак- Башы жергесинен Баткен районунун Достук айылына барышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий