Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолу ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматы белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда.
"Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары мамлекетти чек араны биргеликте кайтарууда", - деп айтылат маалыматта.
Учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий