"Чоң-Алай-Балы" кооперативине 100 баш топоз берилди

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров "Чоң-Алай-Балы" айыл чарба коммерциялык кооперативинин иши менен таанышып, 100 баш топоз тапшыруу иш-чарасына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган кооператив Алай районунун Дооткоргон айылында жайгашкан.

"Чоң-Алай-Балы" кооперативине министрликтин Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында ишке ашырылып жаткан "Регионалдык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 11 млн сомго 180 баш топоз сатып алуу каралган болсо, бүгүнкү күндө алардын 100 башы Чоң-Алай районуна жеткирилди. Бул топоздор Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунан сатылып алынган.

"Аталган кооперативде 120 баш топоз болсо, бул долбоордун көмөгү менен алардын саны 230 башка жетип, 15 жаңы жумуш орду түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, кооператив 2018-жылы түзүлүп, алгач 1000 бал челек менен өз ишин баштаган. 2023-жылы 3000 бал челектен 30 тонна бал өндүрүп, анын 6,5 тоннасын Катар мамлекетине экспорттолгон.

Пикир

Оставить комментарий