• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

COVID-19: Бир күндө 4 миң 907 адам вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 4 миң 907 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 778 адам вакцинанын биринчи дозасын 2 миң 129 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 265 миң 948 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 57 миң 617 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий