• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

COVID-19. Бишкектеги стационарларда 657 бош орун бар. Акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 27-июль, саат 08:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 657 бош орун бар.

- Улуттук хирургия борборунда – 16;
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 33;
- №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 25;
- №1 шаардык клиникалык ооруканада – 39;
- №6 шаардык клиникалык ооруканада – 3;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 14;
- Чүй облустук бириктирилген ооруканада – 18;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 36;
- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 26;
- Улуттук госпиталь: Урология корпусунда – 19;
- Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь – 25;
- Республикалык наркология борборунда – 39;
- Аскер госпиталында – 16;
- Курортология жана калыбына келтирүү институтунда – 174;
- Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде – 118;
- Улуттук госпиталь: Нейрокорпусунда – 28;
- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 19;
- КММА фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 9 орун бар.

Кошумча маалыматты картада көрсөтүлгөн телефон номерлер боюнча тактап алууга болот. https://map.covid.kg/

Пикир

Оставить комментарий