• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар: жаңы 9 учур катталып, жети бейтап сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2-апрелге карата Бишкек шаарында коронавирус 9 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 7 адам илдеттен сакайып чыгып, бир киши каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 55 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 955 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 233 киши айыгып чыкса, 2 миң 990 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий