• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

COVID-19. Ооруканаларда 1 миң 428 бейтап, үй шартында 4 миң 298 адам дарыланып жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 1 миң 428 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 298 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 231 киши, Ош шаарында – 91, Чүй облусунда – 137, Ош облусунда – 255, Нарын облусунда – 63, Ысык-Көл облусунда – 212, Жалал-Абад облусунда – 264, Талас облусунда – 51, Баткен облусунун ооруканаларында 124 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 179 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 325 түзөт. Алардын ичинен 35 миң 197 киши айыгып чыкты, 1 миң 54 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий