• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

COVID-19: Сертификатты сатууну жоюу үчүн бирдиктүү маалымат базасы иштеп келет

COVID - 19 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификатты сатууну жоюу үчүн бирдиктүү маалымат базасы иштеп келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев брифинг учурунда билдирди.

“COVID-19га каршы эмделген фактыны тастыктоо үчүн, ошондой эле эмдөө сертификатынын талаптагыдай корголушун камсыздоо үчүн COVID-19га каршы эмделген Кыргызстандын жарандары үчүн үйдөн чыкпай тастыктаманы алуу кызматы ишке киргизилген”, - дейт ал.

Анын айтымында, бул тастыктаманы эмдөөдөн өткөн адамдардын реестринин маалымат системасын колдонуу менен кагаз түрүндө жана электрондук форматта алууга болот. Сертификат QR-коду менен жасалмалоодон корголгон, алуучу жөнүндө негизги маалыматтар жана вакцинанын түрү коддолгон.

“Сертификаттарды сатууну болтурбоо үчүн буйрук менен маалыматтарды COVID-19га каршы эмделгендердин бирдиктүү маалымат базасына киргизүүгө дайындалган. Ар бир медициналык каттоочу үчүн логин жана сырсөздөр даярдалып, ошону менен сертификатты сатуу тобокелдиги төмөндөтүлгөн. Күбөлүктөрдү сатуу фактылары болгон учурда, каттоо эсебинин жардамы менен биз маалымат базасына жалган маалыматтарды киргизген каттоочуну таба алабыз", - деп белгиледи Кыргызбаев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын сертификатын Грузия, Венгрия, Түркмөнстан, Түркия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөр тааныгандыгын кошумчалады.

Кыргызстан дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн, анын ичинде Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн сертификаттарын тааныды.

Пикир

Оставить комментарий