• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 3,3 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 3 млн 309 миң 447 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, дүйнөдө илдетти 7 млн 136 миң 366 адам жуктурду. Алардын 406 миң 913ү каза болду.

Коронавирусту эң көп АКШда 1 млн 961 миң 185, Бразилияда 707 миң 412, Россияда 484 миң 630, Улуу Британияда 288 миң 834, Индияда 267 миң 249, Испанияда 241 миң 717, Италияда 235 миң 278, Перуда 199 миң 696, Францияда 191 миң 313, Германияда 186 миң 233 жана Иранда 173 миң 832 жаран жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий