• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дагы бир пенсионер президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. КР Борборшайкомго президенттикке өзүн өзү көрсөткөн талапкер – пенсионер Шайымбетов Казыбек Орозакуновичтен арыз түшкөн.

28-июлга карата БШКга президенттик шайлоодо ат салышууга өзүн өзү көрсөткөн 33 талапкерден жана 8 саясий партиянын талапкерлерин көрсөтүүсү тууралуу арыз түшкөнү белгилүү. Анын ичинде “Ата-Журт” партиясынан эки талапкер - Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, КР Президентин шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий