• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Добуш берүү башталды: алгачкы шайлоочуларга белектер тапшырылды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги №1325 шайлоо тилкесинде саат 8:00дө КР президенттигине шайлоо старт алды.

Шайлоонун алдында салтанаттуу түрдө КР гимни жаңырды.

Катышуучулардын бардыгы: МККнын операторлору, шайлоо тилкесинин адистери, байкоочулардын кеңеши жана шайлоочулар колдорун жүрөгүнө коюп, өз жашоолорундагы маанилүү учурду - жарандык милдетти аткарууну күтүп турушту.

Эң биринчилерден болуп өзүнүн жарандык милдетин аткаруу үчүн пенсия курагындагылар келишкен. Атайын алар үчүн таттуу белектер даярдалып, аны аталган шайлоо тилкесинин өкүлү тапшырып, жарандык активдүүлүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

Алар өз кезегинде келечектеги президенттен ал ким болгондугуна карабастан жемиштүү иштеп, өлкөнүн жана элдин гүлдөп өсүшү үчүн чынчыл кызмат кылат деп ишеним билдиришти.

Аталган шайлоо тилкесинин төрайымы Тамара Төрөбаева бул жерде бардыгы болуп 1619 шайлоочу бар экендигин, алардын 2өө шайлоо жараянына алгачкылардан болуп катышып жаткандыктарын билдирди. Ошондой эле ал, шайлоочулар аталган тилкеге келип активдүү катыша тургандыктарына ишеним артып, тиешелүү деңгээлде шайлоо жараянын өткөрүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий