• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дастанбек Жумабеков баатыр эне Алый Малдыбаевага энчилүү саат ыйгарды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашаган баатыр эне Алый Малдыбаеванын үйүндө конокто болду. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Алый Малдыбаева жубайы экөө жети баланы тарбиялап, өстүрүшкөн. Аны менен катар баатыр эне райондогу коомдук иштерге да жигердүү аралашкан. Балдарынын баары чоӊоюп кеткенине карабай, майрамдарды ата-энесинин үйүндө тосушат. Тилекке каршы, Алый апанын абышкасы бир канча жыл мурун каза болгон.

Нооруз майрамына карата баатыр эне Жогорку Кеӊештин депутаттарын да конокко чакырып, ак дастарконунан даам сыздырды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Алый Малдыбаевага энчилүү саат ыйгарып, картина жана неберелерине компьютер белекке берди.

Пикир

Оставить комментарий