• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө 7 чакырымдан ашык браконьерлик тор алынды

Аймак 0

Бишкек, 22.08.22 /Кабар/. Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө 7 чакырымдан ашык браконьерлик торлор алынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-22-августта көлдүн үстүндө атайын рейддик иш-чара өтүп, ага облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин облустук башкармалыгынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Эки күндүк рейддин жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 7,2 миң метрди түзгөн 82 эски жана жаңы браконьерлик торлор, "Казанка - 5М" моторлуу кайыгы алынып, 12 сууда жүрүүчү моторлуу кайык ээлери аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, КР президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын жана Ысык-Көл облусунун аймагында балык запастарын жана облустун экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоону камсыз кылуу, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескемеси чыккан.

Пикир

Оставить комментарий