• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЕККУ Өзбекстанды ММКларга бөгөт коюуну токтотууга үндөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Өзбекстан өкмөтүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттарына бөгөт коюуну токтотууга чакырды.

ЕККУнун сайтында жарыяланган билдирүүдө “Фергана”, “Оздолик”, Eurasianet.org, AsiaTerra, Uzmetronom жана башка сайттар Өзбекстанда ачылбай жатканы мисал келтирилген.

Арлем Дезир онлайн-ММКларга өзгөчө учурларда гана бөгөт коюлушу керектигин белгилеген.

Билдирүүдө бөгөт чаралары 2018-жылы Интернетте экстремисттик, пропагандалык же жек көрүүчүлүк контент жараткан жалпыга маалымдоо каражаттарына тыюу салууга уруксат берген токтомдун жарык көрүшү менен башталганы айтылат.

Дезирдин айтымында, Өзбекстанда тыюу салынган ресурстардын тизмеси жана аларды бөгөттөөгө алып келген так критерийлер алигиче жарыялана элек.

Пикир

Оставить комментарий