• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эл өкүлдөрү Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, көчмө жыйынга ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Алгач эл өкүлдөрү “Шарбон” ЖАК жана “Акжол Көмүр” ЖЧК ишканаларында болуп, алардын иши менен жеринде таанышты. Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалардын тиешелүү жетекчилери толук маалымат беришти.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар көмүр кендерин иштетүүдө эффективдүү башкаруу маселелерине көңүл буруп, өзгөчө Кара-Кече кенинин өлкөнүн көмүр тармагы үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Муну менен катар эл өкүлдөрү жооптуу мамлекеттик органдарды өлкөдөгү көмүр базаларын жана ЖЭБдерди үзгүлтүксүз көмүр менен камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык логистикалык жана транспорттук маселелерди чечүүгө чакырышты.

Мындан тышкары, депутаттар көмүр тармагында ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыздоо, ошондой эле кендерди иштетүүдө экологиялык жана техникалык нормаларды сактоо маселелерин ортого салып, көзөмөл органдарын бул жагдайларга өзгөчө көңүл бурууну сунушташты.

Жыйында ошондой эле Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салуу маселеси да талкууланды.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жагдайды тактап, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтар тарап жатканын белгиледи. Ал ишканалар калктын, анын ичинде борбордун жаңы конуштарынын жашоочуларынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн көмүр менен камсыздоого толук даяр жана кооптонууга негиз жок экенин ырастап, ошондой эле көмүрдүн сапаты белгиленген стандарттарга толук жооп берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий