• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бакуда маданият жаатындагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан маданият министринин орун басары Мурад Гусейнов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен маданият жаатындагы кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгын активдештирүү максатында болуп өттү,

Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык тармакта 2024-жылга карата биргелешкен долбоорлорду жана пландарды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий