• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Кант цемент заводунда" кургак ыкма менен клинкерди чыгаруучу жаңы линияны курууга капсула салынды

Экономика 0

Бишкек, 22.03.24. /Кабар/. Кант шаарында "Кант цемент заводу" ААКсында кургак ыкма менен клинкерди чыгаруучу жаңы линияны курууга капсула салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, капсула салуу салтанаттуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, экономика министри Данияр Амангелдиев жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

"Кант цемент заводу" ААКсы суткасына 2500 тонна өндүрүштүк кубаттуулуктагы клинкерди кургак ыкма менен күйгүзүү боюнча жаңы заманбап технологиялык линияны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 800 миң тонна клинкер. Долбоор импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өндүрүш болуп саналат жана тармактын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө оң таасирин тийгизет. Долбоордун алкагында 300 жаңы жумуш орундары каралган, бул аймакта мультипликативдик эффект жаратат. Өндүрүштүк линияда алдыңкы технологиялар жана жогорку деңгээлдеги автоматташтыруу колдонулат, бул жогорку жана туруктуу сапаттагы өндүрүштү камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий