• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Федерика Могерини кайрадан Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Бишкекке 2019-жылдын ортосунда келет. Бул тууралуу бүгүн Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Питер Буриан журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ал Могеринин иш сапарынын так датасы чечиле элек экендигин, учурда тараптар тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Могеринин Кыргызстандын борборуна келиши анын Борбордук Азиядагы тышкы иштер министрлеринин XV жолугушуусуна катышуусунун алкагында болот.

Эске салсак, анын Кыргызстанга буга чейинки визити 2017-жылдын ноябрь айында, Евробиримдик менен КРнын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жаңы макулдашуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн башталышы тууралуу Евробиримдиктин кеңешинин чечиминен кийин болгон.

Пикир

Оставить комментарий