• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, медициналык жардам үчүн кайрылгандардын саны артууда

Коом 0

Бишкек, 23.10.19 /Кабар/. Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын саны 7 миңден ашып, алардын басымдуу бөлүгү аялдар. Бул тууралуу үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу комитетинин ишинин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн конференцияда кризистик борборлор ассоциациясынын башчысы Толкун Төлөкова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы кризистик борборлорго 5 миң 900 киши, ал эми медициналык жардам алуу үчүн 3 миңден ашык киши кайрылган. 300дөн ашык кылмыш иши катталган.

Төлөкованын айтымында, бул маселеге байланыштуу Жоруктар тууралуу кодексте мүчүлүштүктөр аныкталган. Ал бул боюнча бир окуяны айтып берди. Күйөөсүнөн ур-токмок жеген аял милицияга арыз менен кайрылат. Милиция алардын үйүнө барып, аялды баласы менен алып кетип, күйөөсүн кармашат. Милиция кызматкери, ал жоопкерчиликке тартыларын, бирок анда сот ага 30-60 миң айып саларын айтат.

"Ал айыппул үй-бүлөлүк бюджеттен төлөнөрүн түшүнүп, аял андан баш тартат. Ошол эле учурда күнөөкөр жазасыз калганын түшүнүп, үйүнө барып аялын сабап салат. Аял үйүнөн качып чыгат. Учурда ал аял кризистик борборго жайгаштырылды", - дейт ал.

Төлөкова белгилегендей, жазалоо чарасы "туура" болушу керек – күнөөкөр адам тиешелүү жаза алып, жапа чеккен адам өзүн коопсуздукта болгонун сезиши керек.

Пикир

Оставить комментарий