• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

#ҮйдөБол: Кыргызстандын активдүү жаштары элди карантиндин эрежелерин сактоого чакырат

Коом 0


Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын активдүү жаштары элди карантиндин эрежелерин сактоого чакырат. #ҮйдөБол хештеги менен жарыяланган видеодо Саламаттык сактоо министрлиги жана республикалык штабдын коронавирустан коргонуу иш-аракеттери айтылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, 0адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам. 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий