• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМдин Ички аскерлеринде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн спорттук шаарчасынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришкендей, майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов, аскер кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү, чакырылган коноктор жана ардагерлер катышты. Аскер кызматкерлеринин күчү менен эки боз үй орнотулуп, майрамга көрк берип турду.

Улуттук тамактарды бышырып даярдоо боюнча Ички аскерлеринин колбашчылыгынын башкармалыктарынын, дарылоо-профилактикалык борборунун жана 705 аскер бөлүгүнүн ортосунда жарыш уюштурулду. Ар бир команда беш бармак, боорсок жана башка салттуу майрамдык тамактарды даярдашып, катышуучулардын көңүлүн дасторконго бурушту.

Аскер кызматкерлеринин жамааты кыргыз элинин каада-салттарын эпизодтук көрүнүштөрү менен демонстрациялап, катышуучуларга Нооруз майрамынын ырым-жырымдарын көрсөтүштү.

Аскердик оркестрдин кызматкерлери жана көркөм чыгармачылык топтун жамааты иш-чаранын катышуучуларына жазгы маанай жана дем-күч берип турду. Командалар ортосунда улуттук жана спорттук оюундардын түрлөрү боюнча таймаш өз нугунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нооруз майрамынын салттуу “Сүмөлөк” тамагы даярдала баштады. Бул тамак түнү бою туруктуу аралаштыруу менен бышырылып, аскер кызматкерлери эртең менен даам татышат.

Майрамдык иш-чаранын аягында Ички аскерлеринин колбашчысы “Эң жакшы улуттук тамак”, “Эң жакшы улуттук кийим” номинацияларынын жана улуттук-спорттук оюндарынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды.

Жазгы Нооруз майрамына арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө белгиленип өттү.

Пикир

Оставить комментарий