• 87.86
  • 93.94
  • 1

Израилдеги кагылышуудан жабыркаган кыргызстандыктар жок – элчилик

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. 9-октябрь жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00гө (Бишкек убактысы боюнча 21.00) карата Израилдеги кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Израилдеги элчилигинен (резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Израилдин ар кайсы аймактарында 56га жакын кыргыз жараны бар.

“Элчилик Израилде жашаган мекендештер, ошондой эле Израилдин Герцлия шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен дайыма байланышта”, - деп белгилешти дипөкүлчүлүктөн.

Белгиленгендей, социалдык тармактарда Израилдеги мекендештердин топторунун арасында күнү-түнү ыкчам байланыш үчүн лчиликтин жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги элчиси Руслан Казакбаевдин байланыштары таратылууда.

Мындан тышкары, элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле Тель-Авивдеги бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарды түздү.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган кыргыз жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштайт.

Зарыл болгон учурда, кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу).

Пикир

Оставить комментарий