• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казакстанда январь окуялары боюнча 243 киши соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон кылмыш иштери боюнча 243 киши соттолду. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Ведомсто канча адам түрмө жасасына кесилгенин айткан жок. Сотко 265 иш жөнөтүлгөн.

19-апрелде сот 214 кишиге өкүм чыгарганы белгилүү болгон, алардын ичинен 20 адам түрмөге кесилген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 25-апрелге карата 585 киши шектүү катары камакта отурат, тергөөнүн версиясы боюнча алар имараттарды талкалоо, өрттөө, курал-жарак уурдоо, мамлекеттик объектилерге жана күч түзүм кызматкерлерине кол салуу иштерине активдүү катышкан.

Казакстандын көзөмөл органы билдиргендей, 25-апрелге карата январь окуялары боюнча 5 миң 41 иш тергелүүдө, анын ичинен 49 иш жапырт башаламандык, 45 иш терроризм актысы боюнча каралууда.

Пикир

Оставить комментарий