• 87.86
  • 93.94
  • 1

Казакстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 71 миң 838ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Казакстанда бир күн ичинде коронавирусту 1 миң 499 жаран жуктурду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Жаңы катталган учурлардын ичинен 793 жаранда оорунун белгилери байкалса, 706 адамда илдеттин белгилери байкалган эмес. Өлкө боюнча коронавирус жалпы 71 миң 838 адамда аныкталган.

Алар Атырауда 9187, Алматыда 9143, Нур-Султанда 8371, Карагандада 7058, Батыш Казакстанда 4742, Шымкентте 4453, Чыгыш Казакстанда 4087, Алматы облусунда 3625, Жамбылда 2896, Актөбеде 2736, Түркестанда 2477, Павлодарда 2380, Маңгистауда 2294, Кызылордада 2230, Түндүк Казакстанда 2198, Акмолада 2001 жана Костанайда 1960 адам илдетке кабылган.

Пикир

Оставить комментарий