• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чек арадан 40 кг курут менен Россиянын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. "Кордай унаа" чек ара көзөмөл бөлүмүндө 24-январда Россиянын 35 жаштагы жараны курут менен кармалган.

Казакстандын чек арасы кызматы билдиргендей, кармалган жаран Кыргызстандан Казакстанга "Газель" автоунаасы менен бара жаткан. Анын унаасында 40 килограммга жакын курут болгон.

"Алынган товарлар Жамбыл облусу боюнча мамлекеттик киреше департаментине акт менен өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий