• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо унаа уурдап кеткен эки өспүрүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Караколдо унааны уурдап айдап кеткен эки өспүрүм кармалды. Анын бирөө мурда уурдоо жана каракчылык менен соттолгон. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-январь күнү 39 жаштагы Э.К. аттуу жаран Ысык-Көл облусунун Каракол ички иштер шаардык бөлүмүнө арыз менен кайрылып, болжол менен саат 07:00дө Кыдыр-Ата көчөсүнөн белгисиз бирөөлөр " Хонда-Степвагон" унаасын айдап кеткенин айткан.

Милиция кызматкерлери унааны айдап кеткендердин изин суутпай Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында саат 16:30дар чамасында колго түшүрүшкөн.

Кармалгандар Каракол шаарында туулган 16 жаштагы М.А. жана Ж.Р. аттуу өспүрүм балдар болуп чыккан.

Автоунаа менен кармалгандар милициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилген.

Кармалгандардын бирөө - Ж.Р. мурда уурдоо жана каракчылык боюнча соттолгону аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий