• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казань аэропортунда кармалып турган кыргызстандык кирүүгө чектөө алынмайынча мекенине кайтарылат

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Казань эл аралык аэропортунда 2000-жылы туулган 20 жаштагы А.М., аттуу кыргызстандык студентке карата Россияга кирүүсүн чектөө маселеси боюнча КРнын РФдагы элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет.

Маалыматка ылайык, элчилик 2021-жылдын 16-сентябрында КР жаранынын Россияга кирүүсүнө уруксат берилбеген факты жөнүндө маалымат келип түшөрү менен кыргыз жаранынын Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөнү алып салуу боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына өтүнүч каттарды жөнөткөн.

Кошумчалай кетсек, бул маселе боюнча КРнын РФдагы элчилигинин Консулунун Россиянын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгон.

Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери КРнын жараны жана анын апасы менен байланышта болуп жатат.

КРнын жараны Россияга кирүүгө чектөө коюу маселеси чечилмейинче, кийинки рейс менен Кыргызстанга кайра кайтарылат.

Белгилүү болгондой, КР жараны акыркы жолу Россиянын аймагында жүргөндө эки жолу жол эрежесин бузган жана административдик айып салынып, мыйзам бузуучу тарабынан төлөнгөн.

Россиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандын РФ аймагында жүргөн мезгилинде эки же андан көп административдик укук бузуулардын жасалышы мамлекеттик бийлик органдарынын Россиянын аймагына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алуусуна алып келет.

“Элчилик Кыргызстандын жарандарынан Россияга учардын алдында Россиянын Ички иштер министрлиги аркылуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкы башкармалыгынын сайтынан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды РФнын аймагына киргизбөө чечимдери көрсөтүлгөн маалыматты текшерүүнү суранат. Сайттын шилтемеси: http://xn--b1afk4ade4e.xn--b1ab2a0a.xn--b1aew.xn--p1ai/info-service.htm?sid=3000.

Мындан тышкары, «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Россия Федерациясынын аймагына Россиянын Ички иштер министрлиги аркылуу киргизбөө үчүн негиздердин бар экендигин текшерүү» издөө системасы боюнча текшерсе да болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий