• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кеттик! Нарын облусунун ажайып кооз жерлерине саякат

Коом 0

Кыргызстан акыркы жылдары жакынкы гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин сүймөнчүлүгүн арттырып, бир топ эл аралык басылмалардын сөзсүз барууга сунушталган өлкөлөрдүн тизмесинен орун алып келет. Ал эми белгилүү саякат компаниялар туристтерди Кыргызстанга барууга үндөп, каалоочулардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Чындыгында эле биздин өлкөнүн ар бир булуң-бурчу өзүнчө ажайып кооз. Кыргызстанга келген туристтер асман тиреген аска-зоолору, жаратылышы, көлдөрү, кенен жайлоолору, эстеликтери жана меймандос эли менен суктанып кетишет.

Бүгүнкү рубрикабызда Нарын жергесине барууну каалагандар үчүн ушул облустун эң кооз жерлерине саякатка чакырабыз.

Эгер сиздер Нарынга келип каяка барууну билбей турсаңыздар, анда дароо Соң-Көлгө багыт алыңыздар.

Соң-Көл – бул Тянь-Шань зоолорунун ортосунда жайгашып, экологиялык туризмдин жүрөгү болуп саналат. Соң-Көл көлөмү боюнча республикада экинчи орунда турат. Көлдүн тереңдиги 14 метрди түзөт. Көл ноябрь айларында тоңуп, апрелде гана ээрийт. Соң-Көл тулаңдуу мейкиндикте жайгашып, кыргыз жайлоолору менен курчалган. Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат.

Бул көл кар баскан Ала-Тоонун койнундагы кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис берметтей сезилет. Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан сырдуу жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртүп турат.

Көлдүн жээги өзгөчө бир ажайып кооз. Соң-Көл 3200 метр бийиктикте жайгашкандыктан, ал жерде бак-дарак өспөйт. Негизинен көлдүн жээги менен тоонун капталын жыш чөп жана бадалдар каптайт. Аскалардын кучагында жайгашкан көлгө аскалуу тоолордон аккан суулар кирип, бир гана чакан дарыя агып чыгып, Нарын суусуна кошулат. Көлгө бир гана жай айында эл мурун мал бакканы барышса, азыр эс алганы барышат да, калган мезгилдерде элсиз аймакка айланат.

Соң-Көлдүн түндүгүндө, Молдонун ашуусунан түшкөн соң, Ак-Талаа районунда XIX кылымда тургузулган Тайлак Баатырдын күмбөзү бар. Мындан тышкары Соң-Көлгө кыргыздын айтылуу Мөөр аттуу сулуу кызынын тагдыры да байланыштуу болгону белгилүү.

Туристтер арасында бул көл өзгөчө популярдуу. Жай мезгилинде көлдүн жээгинде бир топ туристтик иш-чаралар болуп, ар бир туристтик маршрут Соң-Көл аркылуу өтөт. Көл жээги эс алуу, велотуризм, жөө туризм, ат минүү сыяктуу туризмдин ар түрлөрү үчүн эң ыңгайлуу. Ал эми жээк бойлой тигилген боз үйлөр, байланыштын жоктугу, алыстан келген конокторго цивилизациядан эс алып, кымыз, бозо ичип, курут, сары май жеп, боз үйдө жашап көчмөндөрдүн жашоо турмушун көрүүгө мүмкүндүк берет.

Эң кызыгы Соң-Көлдө 70ке жакын канаттуулардын жана 10го жакын балыктын түрү жашайт.

Соң-Көл Бишкектен 280 км алыстыкта жайгашат. Жергиликтүү туркомпаниялар өз кызматтарын сунуштайт. Ал эми өзүнүн унаасы менен барам дегендер оңой эмес жол жүрүүгө даяр болуулары керек. Көлгө төрт жол менен барууга болот, бирок эң кыскасы Сары-Булак айылынан 3 чакырым алыстыкта Бишкек-Торугарт жолунан чыгышка бурулгандагы Калмак-Ашуу ашуусу аркылуу. Аралыгы болжолу 60 км. Ал жакка жеңил машина менен баруу оңой болбойт.

Таш-Рабат

Кыргызстанда орто кылымдардагы сакталып калган эстеликтер анча көп эмес. Таш-Рабат – XV кылымга таандык кербен сарай. Бишкектен 520 чакырым, Нарындан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан. Нарын - Торугарт унаажолунан 18 чакырым түштүк тарапта, Кара-Коюн капчыгайынан 15 чакырым суунун сол тарабында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте турат.

Таш-Рабатта Борбордук Теңир-Тоо аркылуу өткөн Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар жана башкалар тейленген. Бул биздин күндөргө чейин абдан жакшы сакталып калган маданий-эстелик.

1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады. Аны оңоп-түзөө учурунда байкагандар сарайдын үстүндөгү таш чатырдын башка Орто-Азиядагы өлкөлөрдөгү кербен-сарайлардагыдай сегиз эмес, тогу кыры болгонун аныкташкан. Мындай архитектуралык курулуштар япон же корей стилинде гана болгонун адистер айтып чыгышкан. Демек Таш-Рабаттын тарыхы, келип чыгуу себептери толук аныктала элек.

Таш-Рабаттан кызыктуу жол жүрүп, ашуу ашып, бийик тоодогу дагы бир кооз көлгө – Чатыр-Көлгө барса болот.

Таш-Рабаттын сүрөтү Кыргызстандын 20 сомдук номиналында тартылган. Күмбөздүн тегерегинде эс алуу үчүн ыңгайлуу жерлер абдан көп. Андан тышкары велосипед тебүү аркылуу ырахат алгандар үчүн бул айкелдин аймагы абдан ыңгайлуу.

Таш-Рабатка баруу үчүн Нарын-Торугарт унаажолунун 100-чакырымында Таш-Рабат деген бурулуштан кайрылуу керек. Бул мавзолейге коомдук транспорт жүрбөйт. Андыктан баардык каалоочулар өз унаасы менен баруусу керек.

Чатыр-Көл

Image result for чатыр көл

Чатыр–Көлдү көркүнө чыгарган, баш аягына жетпей созулган Торугарт тоо кыркалары түштүктөн созулса, анын түндүгүнөн Ат-Башы тоолорунун түгөнгүс кыркалары курчайт. Андагы мөңгүлөрдөн эрип аккан мөлтүр-тунук, кашка суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп, Чатыр-Көлгө тынымсыз куюп көлөмүн толтуруп турат.

Жалпысынан алганда көлгө тоодон аккан 50дөн ашуун суу куят. Чатыр-Көлдүн узундугу 23, туурасы 11 чакырымга созулуп, көгөргөн көлдүн күзгүдөй чагылган аймагын түзөт. Анын терендиги 7 метрден 20 метрге жетет.

Ошондой эле көл жээгинде адамга жагымдуу минералдык суулар көп. Көл жапайы канатууларга да бай. Көл үстүндө каз, жапайы өрдөк, индиялык тоо каздары жүрсө, жээгинде бадалдуу тоо боорлорун эчки-текелер, аркар, кулжалар мекендешет.

Кышкысын катуу суукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталып, май айларынын ичинде гана ээрип, көл бети ачылат. Келгин канаттуулар жайкысын келишип, көлдүн үстүндө сүзүп, көл ортосундагы аралдарга уялап, балапандарын баралына жеткирип учуп кетишет. Бул көлдө суда сүзүүчү канаттуулардын 30га жакын түрлөрү уялайт.

Куштардын эркин сүзүшүн, көбөйүшүн камсыз кылуу максатында Чатыр-Көл жана анын жээктери бүт бойдон корукка алынган.

Бул жерге келген адам өзүн кандайдыр бир жомоко түшүп калгандай сезет. Куштардын керемет сайраганы, тоолордогу текелердин оттоп жүрүшү, жашыл чөп, көк асман, көгүлтүр көл башкача бир сезимдерди ойготот.

Акыркы жылдары туристтер гана эмес жергиликтүү калк үчүн да Чатыр-Көл жаңы ачылган бир арал сыяктуу, чоң кызык жаратууда. Бул жерге алып келүү кызматтарын сунуштаган кичи туркомпаниялар жамгырдан кийин козугарындай көбөюүп, өз кызматтарын тартуулашат.

Көлдүн тереңдиги 20 метрди түзүп, тажрыйбасы жокторго сүзүү сунушталбайт.

Чатыр-Көлгө баруу үчүн Бишкектен Нарынга чейин жетип, Нарындан 200 чакырым жүрүп Торугартка ашуусуна баруу керек. Торугарттан бир четинен Чатыр-Көл көрүнсө, экинчи жагынан Кытайдын аймагы чайпалып жатат. Ал эми көлдүн жээгине баруу үчүн чек ара өтмөгүнөн атайын уруксат алуу керек, анткени көл Кытай чек арасына жакын жайгашкан. Бирок көлдүн жээгинде саз жерлер бар, ошол себептен этияттоо сунушталат.

Көкөмерен капчыгайы

Суусамыр жана Жумгал өрөөндөрүнүн ортосунан өзүнө жол салып, күркүрөп Көкөмерен дарыясы агат. Бул дарыя агымын “эң кооз жер” деп аталат. Ошол дарыя өткөн айланасындагы жер Көкөмерен капчыгайы деп аталат. Ал Бишкектен 200 чакырым алыстыкта, Нарындын түндүк-батыш тарабынан орун алган.

Ички Теңир-Тоодо субмеридиан багытта жайгашкан капчыгай. Ал Жумгал менен Суусамыр тоолорун бөлүп турат. Узундугу 46 чакырым, туурасы 40–120 метрди түзөт.

Ал жердеги пейзаж өзүнүн ар түрдүүлүгү менен таң калдырат. Капчыгайдын айланасындагы тоолордогу сары жана кызыл түстөгү топурактар, көгүлтүр дарыя жана капчыгайдын беттеринде аз көлөмдө өскөн жашылча биргеликте өзгөчө бир сулуулук жаратат.

Тоолор жарылып-жарылып, урап, 200 метр бийиктиктеги ири топурак жана кумдан жасалган фигураларга окшоп калган.

Капчыгайга алып барган жолдор унаа менен саякаттоо жана велосипед тебүү үчүн абдан ыңгайлуу. Ал эми рафтингди сүйүүчүлөр үчүн Көкөмерен дарыясы унутулгус эс алуу тартуулайт. Ал эми тынч эс алууну жакшы көргөндөр үчүн капчыгай пикнике ылайыктуу көлөкө, салкын жерлерди сунуштайт.

Капчыгайга барууну каалагандар Бишкектен 280 чакырым жол журүп, Жумгал районуна чейин жетип, ал жактан 95 чакырым жер жүрүп Кызыл-Ой айылына жетүү керек. Ошол айыл аркылуу Көкөмерен капчыгайына жол алып барат. Жолдордун абалы абдан начар, ал эми жаңы салынып жаткан жолдор аягына чейин чыга элек. Тек гана жолтандабас унаалары менен барууну сунуштайбыз.

Кара-Кече капчыгайы

Кара-Кече капчыгайы Нарын облусундагы ашуунун жана эң ири көмүр кенинин ысымын ээлеп, узундугу 50 чакырымды түзөт. Капчыгай Молдо-Тоо тоосунда жайгашкан.

Капчыгайдын арча, карагай токойлору, гүлгө толгон тоо жалдары жана тоолордун кызыл таштуу боорлору өзгөчө бир ажайып кооз. Ал эми ал жакка алып барган жол өзүнчө бир керемет. Капчыгайда жашылча абдан көп, ошол себептен бул жакка даары чөптөрдү чогултуу үчүн көп медициналык экспедициялар жүргүзүлөт.

Бул жерге келген ар бир турист өзүнө кызык нерсе таба алат. Волейбол, футбол, теннис ойноп, велосипед тээп, ат минип эс алса болот. Ал эми кээ бир туристтер чатыр тигип, тоолорго, дөңсөлөргө чыгып медитация жасап, ырахат алышат.

Ал эми капчыгайдын эң бийик чекити болуп, деңиз деңгээлинен 3348 метр бийиктикте Кара-Кече ашуусу жайгашкан. Ал ашуудан кереметтүү Соң-Көл жана ажайып кооз капчыгай көз алдыңа учурайт.

Кара-Кече капчыгайына алып барган жолдордун абалы ар түрдүү. Ошол себептен жолтандабас менен баруу сунушталат.

Эки Нарын

Image result for эки нарын

Эки Нарын аймагы Нарын шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерде Нарын дарыясынын эки: чоң жана кичине агындары кошулган жер.

Ошондон улам бул аймактын аты “Эки Нарын” деп аталып калган.

Ал шалбаалары, жайыттары жана кызыл карагайлуу токойлору менен адамдын көңүлүн өзүнө бурат. Андан тышкары бул жер таза аба, салкын жел жана түнкүсүн асман толгон жылдыздары менен өзгөчө.

Бул жерден археологдор байыркы конуштардын калдыктарын табышкан.

Эки Нарын калың журт арасында анча белгилүү болбогондуктан, чет элдик туристтер бул жакка көп келе элек. Бирок, эс алгандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Шаардын ызы-чуусунан тажагандар, келип, жайлоодо боз үйдүн ичинде жашап, эс алышса эң сонун болот. Бул аймактын кол тийе элек кооздугу, эч кимди көңүл кош калтырбайт.

Эки Нарындын жанында “Салкын Төр” аттуу улуттук жаратылыш паркы жайгашкан.

Сүрөттөр https://too.kg жана https://triptokyrgyzstan.com сайттарынан алынган

Даярдаган Салтанат Абдраева

Пикир

Оставить комментарий