• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КММАда "Манас" эпосунун күнүнө карата иш-чара болуп өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) "Манас" эпосунун күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында гимн жаңырып, аталган окуу жайдын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов салтанаттын бардык катышуучуларын келе жаткан майрам менен куттуктады.

Анын айтуусуна караганда, "Манас" эпосу Кыргызстандын тарыхында зор мааниге ээ.

Ошондой эле салтанаттуу иш-чарага манасчылар жана окуу жайдын эмгек жамаатынын мүчөлөрү катышты.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2015-жылдан бери 4-декабрда "Манас" эпосунун күнү белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий