• 87.86
  • 93.94
  • 1

Коронавирус: Төрага Жумабеков Кытайдын элине көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-февралдагы парламент жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков коронавирус дартынын жайылышына байланыштуу миңдеген жарандары жабыркап, жүздөгөн адамдары каза болуп жаткан Кытай Эл Республикасынын элине жана жетекчилерине Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтып, дүйнөгө дүрбөлөң салган оорунун тез арада токтошун тилек кылды.

“Эзелтен коңшу жашаган Кытай элиндеги бул жагдай Кыргызстандын элин да түйшөлтүп жатат. Андыктан, оорудан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалап, дартка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттерге тилектеш экендигибизди билдирем”, – деди Жумабеков.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин акыркы маалыматына таянсак, Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 1310го жетти. Илдетти 48,2 миң адам жуктурса, 3441 тургун оорудан айыкты.

Пикир

Оставить комментарий