• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 16-январында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар акыркы жылдардагы эң жогорку деӊгээлдеги жолугушуулардын арты менен жетишилген эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун оӊ динамикасын канааттануу менен белгилешти.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйналышынын 4-Протоколунун тиешелүү пункттарын ишке ашыруу маанилүү экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий