• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоону баштады

Экономика 0

Бишкек, 12.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоого арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду” башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов билдирди.

Анын айтымында, инвестициялык долбоорлорду каржылоонун пайыздык чени 1,5 - 7,25% түзөт. Пайыздык чендин төмөн болушу төрт критерий менен каралат: Кыргызстандын экономикасына салым кошуу, Венгрия тарап менен кызматташуу (товар, жабдык алуу), долбоордун узактыгы жана маанилүүлүгү, ошондой эле күрөө.

“Каржылоонун мөөнөтү 10 жыл жана насыянын максималдуу өлчөмү 5 млн доллардан (бир насыя алуучуга) ашпоого тийиш. Учурда уставдык капиталдын өлчөмү 16 млн долларды түзөт. Аны алдыда 50 млн долларга жеткирүүнү пландап жатабыз. Насыяларды берүүдө кичи ГЭС, айыл чарба тармагына: асыл тукум мал, бал жана балык тармагына артыкчылык берилет”, - дейт ал.

Эркинов кошумчалагандай, кайрылган тарапка бир катар критерийлер коюлат: туруктуу финансылык абалга ээ болуу, директорунун терс маалыматтарынын жоктугу, канааттандырарлык насыялык тарыхка ээ болуу, салык, соцкамсыздоо жана башка төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу болушу тийиш.

“Жогорудагы айтылган Венгриядан алган жабдуулар же кызмат көрсөтүүлөр болобу, долбоордун минималдуу үлүшү 30 пайыздан кем болбошу керек. Инвестициялык долбоордун ээсинин баштапкы төлөмү жалпы сумманын 15 пайызынан кем эмес, ал эми долбоорду каржылоодо 30 пайыздан кем эмес өлчөмдө киргизүүсү керек”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду 2021-жылдын 7-сентябрында эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан ратификацияланган. Фонд өз ишин 2021-жылдын 5-ноябрь айынан баштаган.

Пикир

Оставить комментарий