• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз жараны Финполиция, Бажы жана Салык кызматынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, аткезчилик менен алектенген

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын жараны Бажы кызматы, Салык кызматы жана Финполициянын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, аткезчилик менен алектенген . Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, 1-сентябрь күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.И., аттуу жаран башкарган "Mercedes Sprinter" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, аны текшерүүдө 79 кутуда акциздик маркасы жок тамекилер табылган.

Белгилүү болгондой, кутудагы тамекилер КР жараны А.Б., таандык болгон.

"2017-жылдан бери А.Б., КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары менен жең ичи сүйлөшүп алып, чылымдарды жакынкы мамлекеттерге, алардын арасында Россия жана Казакстанга мыйзамсыз жолдор менен ташып, сатып турган", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, анын Бишкек шаарындагы жайгашкан сактоочу кампасын тинтүү учурунда акциздик маркасы жок 5 миң куту тамеки табылган.

"Алдын ала маалымат боюнча ал товарлардын баасы болжол менен 70 млн сомдон (1 млн доллардан ашык) ашып, жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 24 млн. сомдон ашык каражат түшпөй калган", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу") (адалдоо) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Азыркы учурда А.Б., аттуу жарандын жашаган жерин аныктоо, ошондой эле табылып алынган тамекилердин жалпы наркын, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий