• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызавтожол: Өлкө боюнча унаа жолдордо жана ашууларда каттам ачык

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда өлкө боюнча бардык унаа жолдордо жана ашууларда каттам ачык. Чектөөлөр жок. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкана тарабынан жолдорду кардан тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү иштери аткарылып жатат.

Алыскы жолго чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий