• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан ЭЭУнун эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү 53 конвенциясын ратификациялады

Коом 0

Бишкек, 28.04.24./Кабар/. Кыргызстан тан Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү 53 конвенциясын ратификациялады. Бул тууралуу эмгекти коргоонун Эл аралык күнүндө эмгекти коргоо чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Жазгүл Калмырзаева билдирди.

"Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун 53 конвенциясын ратификациялаган, бири да токтотулган эмес. Биздин өлкөнүн эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары эл аралык стандарттардын алкагында иштелип чыккан жана өркүндөтүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында гана жумуштагы басмырлоону жана зомбулукту жоюу жөнүндө конвенция ратификацияланган, ал биринчи кезекте аялдардын укугун коргойт", - деди ал.

Коопсуз эмгек үчүн шарттарды түзүү формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну азайтууга, калктын кирешесин жогорулатууга, карылыкты жана ден соолукту камсыздандырууну камсыз кылууга, жаштарды кесипкөйлүк менен ишке ашырууга өбөлгө түзөрү айтылды. Министрликтен белгилешкендей, эмгекти коргоо көзөмөлү мамлекеттик органдар тарабынан да, кызматкерлердин мыйзамдуу түрдө уруксат берилген өкүлдөрү тарабынан да жүргүзүлүүдө. Эмгек укуктарынын ишке ашырылышына коомдук көзөмөл жүргүзүүгө эч ким тыюу сала албайт.

"Эмгек министрлиги туруктуу негизде эмгекти коргоону, кызматкерлердин укуктарын коргоону жана иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин камсыз кылган мыйзамдык ченемдерди өркүндөтүп турат. Кыргыз Республикасында эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү улуттук сереп чоң салым болду", - деп белгиледи Жазгүл Калмырзаева.

Пикир

Оставить комментарий