• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан менен Голландиянын бажы кызматынын кинологдору тажрыйба алмашты

Коом 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. КР Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген-окутуу бажысынын кинология бөлүмүнүн кызматкерлери Голландиянын Police Dogs Training Holland кинология борборуна барышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул сапар ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен ишке ашты.

"Жумушчу сапарынын алкагында кинолог-адистер борбордун бир катар питомниктерине барышып, анда иттерди тандоо, жумушчу сапаттарын баалоо, ошондой эле бир катар багыттар боюнча кызматтык иттерди даярдоо, анын ичинде баңги заттарын жана жардыргыч заттарды издөөнү үйрөтүү жаатындагы тажрыйбалары менен таанышты", - деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын жыйынтыгында кинолог-адистер миналарды, ошондой эле баңги жана жардыргыч заттарды табуу боюнча 40 сааттык практикалык курстан өткөндүгү тууралуу сертификаттарга ээ болушту.

Ошондой эле борбор тарабынан Адистештирилген-окутуу бажысынын кинологдору тандап алган Роуз аттуу голландиялык овчарка белекке берилди.

Белгиленгендей, бул жумушчу сапар МБКнын Афганистандан баңгизаттарды ташуу учурдагы маршрутуна каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн практикалык көндүмдөр жагынан да, материалдык-техникалык өңүттөн да жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий