• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан жана Кореянын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Сеул шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын глобалдык саламаттык сактоо бөлүмүнүн директору Бёон Луна башында турган саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо министрлигинин өкүлдөрү жана саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык бизнес департаментинин директору Бэ Джоасуп башында турган Корея Саламаттык сактоо индустриясын өнүктүрүү институтунун кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Корея ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, элчи Исмаилова эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы тыгыз кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи.

Эки тараптуу мамилелерди активдештирүүнүн жана бул чөйрөдө өз ара кызыкчылык туудурган сезилерлик натыйжаларга жетишүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде глобалдык саламаттык сактоо бөлүмүнүн директору Бёон Луна Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга жана эки тараптуу негизде ишке ашырыла турган долбоорлорду түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Азыркы учурда алардын алдында салттуу медицинада колдонула турган Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү дары-дармек өсүмдүктөрүнүн өсүүсүнүн бардык спектрин изилдөө милдети турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууга, ошондой эле коюлган максаттарга жетүү үчүн туруктуу байланыштарды кармап турууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий