• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 791 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 22-январга карата коронавирус 791 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында –488, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 185, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 39, Баткен облусунда – 31 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 466 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1129 бейтап, амбулатордук түрдө 6 697 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 194 миң 607 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 182 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 846 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий