• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, эл каттоонун мөөнөтүн жылдыруу өлкөдөгү кырдаалга, айрым шаар жана райондордо өзгөчө абал режиминин 30-апрелге чейин узартылышына байланыштуу болууда.

"Белгилей кетсек, буга чейин эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү 23-марттан 1-апрелге чейин белгиленген. Бирок коронавирустун таралышына байланыштуу эл каттоону 20-апрелден 29-апрелге чейинки мезгилде өткөрүү чечими кабыл алынган. Эми эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырды", - деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий