• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бейшенов Транспорт министрлигинин COVID-19га каршы күрөшүүдөгү жасаган иштери тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлиги COVID-19га каршы күрөшүүдө жасалып жаткан иштерге катышып, инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн толук кандуу иштеп жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов брифингде билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, республиканын аймагында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилгенден баштап министрликтин эмгек жамааты март, апрель айларында бир күндүк айлык акысын коронавирус менен күрөшүү фондуна которду. 20-апрелден 6-июлга чейин ташуучулар 219 жеке транспорту менен 2530дан ашык обсервациядан чыккан жарандарды аймактарга жеткирген. Белгилей кетсек, бул иш-чараларды алар өз каражаттарына жасашкан.

“Министрлик COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн толук кандуу иштеп жатат. Ал эми башкармалыктардын жана борбордук аппараттын, ведомстволук уюмдардын жетекчилери июль айындагы айлык акысынан үч күндүк маянасын темир жол ооруканасына дары-дармек сатып алуу үчүн которууну чечишкен”, - дейт ал.

Бейшенов маалымдагандай, Бишкекте жана аймактарда Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери, санитардык эпидемиологиялык кызматынын жана Жол коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик башкармалыгы менен биргеликте күн сайын шаардык, аймактар аралык каттамдар боюнча транспорттордун абалы, айдоочулар тарабынан санитардык нормалардын сакталышы текшерилип жана бузуулар үчүн тийиштүү айыппулдар салынган.

Пикир

Оставить комментарий