• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу үчүн орто мектептерде шарттар түзүлүүдө

Коом 0

Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Өлкөдө атайын билим берүү уюмдарында 2 миң 500дөн ашык билим алуунун өзгөчө керектөөлөрүнө муктаж бала окутулса, 2 миңден ашуун окуучу үй шартында окутулуп жатышат. Бирок, азыр ата-энелердин көпчүлүгү өз баласын, күн сайын өз курдаштары менен жалпы билим берүүчү мектепке барган, коомдун толук укуктуу мүчөсү катары көргүлөрү келишет.

Аяр балдардын ата-энелерине ким көмөк көрсөтөт? Алар уулун, же кызын мектеп партасына отургузуш үчүн кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Өз баласы үчүн инклюзивдик билим берүү жолун тандап алган ата-энелер үчүн мамлекет тарабынан кандай жардам берилет?

Бул маселелер көптөгөн ата-энелер үчүн курч бойдон калып жатканына карабай, коомдук уюмдар жана ата-энелер коомчулугу тарабынан колдоо тапкан ата-энелер да бар. А. Навои атындагы №18 мектебинде "Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө инновациялык технологияларды киргизүү" долбоорунун алкагында "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду тарабынан ачылган Инклюзивдик билим берүү борбору иштейт. Аталган борбордо билим алуунун өзгөчө керектөөлөрүнө ээ балдар толук кандуу окутуу мүмкүнчүлүктөрүн алышып, алардын социалдык өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.

Мээрим аттуу кыздын апасы Айжамал кызы коом ичинде өз ордун таап, дос күтүшүн тилек кыларын айтат.

"Биздин кыздын таңдайында тубаса жырыгы бар. Ошондуктан биз А. Навои атындагы №18 мектебине баралы деп чечтик. Себеби, бул мектептин Ресурстук борборунда коштоо кызматынын адистери - логопед жана психолог иштешет. Биз үчүн кызыбыздын башка балдар менен пикир алышууга үйрөнүп, дос күтүп, кыскасы коом аралашуусу өтө маанилүү. Ошондуктан биз бара турган класс бизди кабыл алып, жакшы көрөт деп үмүттөнөбүз",-дейт ал.

Ресурстук борбордун окутуучусу Нурия Бекташева борбор тууралуу айтып берди.

"Кабинет үч бөлүктөн турат, дефектологдун жеке иши үчүн зона, усулдук окуу зонасы жана оюндар үчүн эс алуу зонасы. Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн сөзсүз жеке окуу программасы иштелип чыгат. Бирок алар кадимки курдаштары менен класста чогуу окушат. Эгер окуучу сабакты түшүнө албай тез чарчап калса мугалим аны Ресурстук борборго алып келет жана коштоо боюнча адис аны менен алектенет", - дейт ал.

Анын айтымында, алардын мектебинде инклюзивдик билим берүү - өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн жардам гана эмес, бардык балдарга ички тарбия берүү. Балдарда боорукердик сезим тарбияланат, алар бири-бирине кыйла сабырдуу болушат.

Элиза аттуу кыздын апасы Калияга бул борбор жөнүндө тааныштарынын бири айтып берген.

"Үйүбүздүн жанындагы №2 Ош шаардык мектебинде биз үчүн орун жок эле. Дарыгерлер Бишкекке барып, угуусу начар балдар үчүн жатак мектепке окууга берүүнү сунушташкан. Бирок, бактыбызга жараша тааныш эже №18 мектептеги ФЕЦАнын Ресурстук борборуна кайрылууга кеңеш берди", - дейт ал.

Ал билдиргендей, үйдөн мектепке чейинки жол 30 мүнөттү ээлейт. Бирок ага карабастан кызынын орто мектепте окуу мүмкүнчүлүгүнө ата-энени кубандырат.

"Кечке чейин жумушта болгонума байланыштуу кызым менен үй тапшырмаларын аткаруу кыйын болду. Ошондуктан, ресурстук борборунун адиси Элиза менен жумасына үч жолу алектенгени абдан жакшы. Кызымдын сүйлөөсүндө кыйынчылыктар бар. Бирок коштоо сабактарынын арты менен анын сүйлөөсү так болуп, сабакта анын жооп берүүсү ишенимдүү болуп калды",- дейт Элизанын апасы Калия.

№18 мектептин директору Турдайым Карамурзаеванын пикири боюнча, шаарында инклюзивдик билим берүү ишке ашырылып жатканы менен айрым маселелер бар.

"Ош шаарында инклюзивдик билим берүү тажрыйбасы ишке ашырылып жатканына карабастан, жалпысынан алганда коштоо кызматы жетишсиз. Көпчүлүк ата-энелер балдарын коомдон обочолонтуп, үйдө окутууну каалашат. Бул жерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу маанилүү. Анткени мектептер жана бала бакчалардын бардыгы жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Логопед, психолог сыяктуу адистердин эмгек акысын төлөө, пандустарды орнотуу, ошондой эле тийиштүү окуу китептерин сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүшү керек. Биз бул ишти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүп жатабыз", - дейт ал.

Борбор Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Анара Надирбекованын айтымында, ата-энелер "Менин балам көп билет, аябай жакшы окуган, бирок башкалар менен пикир алышууда эмне үчүн кыйналат" деген суроо менен мугалимдерге кайрыларын айтат.

"Бүгүнкү күндө, биз, көптөгөн балдар мектепти артыкчылык диплому менен аяктап жатканына күбө болуп жатабыз. Бирок алар коомдо чыныгы жашоого даяр эмес экенин көрүүдөбүз. Ата-энелер мугалимдерге: "Менин балам көп билет, аябай жакшы окуган, бирок башкалар менен пикир алышууда эмне үчүн кыйналат" деген суроо беришет. Бул кубулуш, бүгүнкү күндө балдардын эмоционалдык интеллектисинин жетишсиз өнүгүүсүнө байланыштуу, ар кандай адамдар менен баарлашуу жөндөмдүүлүгү төмөндүгү менен түшүндүрсө болот. Биз, "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосу менен көптөгөн балдарга ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга жардам берип келебиз", - дейт Надирбекова.

"Ийгиликтүү инсанды калыптандыруу процесси интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүнүн татаал процесси болуп саналат. Эмоционалдык интелектти калыптандыруунун негиздери адамдар ортосундагы мамилеге таянып, боорукердик, мээримдүүлүк, башка адамды түшүнө билүү, анын кыйынчылыктарын жана кубанычын тең бөлүшүү жөндөмдүүлүгүнө негизделет. Кыргызстанга инклюзивдик билим берүү зарыл. Себеби бул система, ата-энелер менен мугалимдер арасындагы, ошондой эле жөндөмдүлүк, маданияты, дүйнөгө көз карашы ар кандай балдардын ортосундагы баарлашууну өнүктүрүүчү көпүрө экенин көрүп турабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий