• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 1 миң 473 адам эмделди. Жалпы 5 миң 280

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 1 миң 473 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 628, Ош шаарында 502, Чүй облусунда 514, Ош облусунда 2 миң 144, Ысык-Көлдө 340, Талас облусунда 20, Нарын облусунда 456, Жалал-Абад облусунда 564, Баткен облусунда 112 адам вакцина алды. Эмделгендердин жалпы саны 5 миң 280ге жетти.

Эскерте кетсек, 19-мартта Кыргызстанга Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Вакцинаны алгачкылардан болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

Пикир

Оставить комментарий