• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда “Время правды” кинофестивалын өткөрүүгө тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 24.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык тармактарга “Время правды” кинофестивалын өткөрүүгө тыюу салынуусунун себебин жазды.

Анын айтымында, Россиянын “Гармония” маданий борбору Кыргызстандын аймагында “Время правды” аттуу кинофестивалын өткөрүүнү пландаган. Ошондуктан аталган маданий борбор 2022-жылдын 18-апрелинде 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын республиканын аймагында көрсөтүүгө уруксат алуу максатында “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемесине кайрылган.

Жаманкулов белгилегендей, аталган тасмалар Кыргызстандын аймагында тасмаларды жүгүртүүгө чыгаруу үчүн КР өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-октябрындагы №509 “Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө” токтомуна ылайык каралды.

"Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат жана ал фильмдерди Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат", - деп жазган министр.

Пикир

Оставить комментарий