• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу долбоору

Коом 0

Бишкек, 28.10.23. /Айпери Кожоева — Кабар/.
Кыргызстанда “Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” боюнча доолбору старт алган. Бул долбоор 2022-2026-жылга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Бишкек, Ош шаарларында ишке ашырылууда.

Долбоордун максаты – сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөттүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстардын калкынын ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизинде Ош облусу боюнча 41 айыл өкмөтүнүн ичинен 13 айыл өкмөтү “Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” (ЖЭО) боюнча долбоор жазышып, 1 млн сомдон грант утушкан. Чакан гранттар программасынын максаты болуп, жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун азайтуу үчүн калкка пайда көрсөтүү шарттарын түзүп берүү болгон.

Ошондой эле гранттын негизинде бир нече айыл өкмөттөрүндө бассейин, машыгуучу залдар курулуп, айыл тургундары маал-маалы менен машыгып ден соолуктарын чыңдап жаткан учуру.

ЖЭО алдын алуудагы эң башкы фактору бул — туура тамактануу. Дал ушул темада мектеп окуучуларында дагы ачык сабактар өтүлүп, ЖЭО алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатууда.

Эскерте кетсек, долбоорду GFA ConsultingGroup GmbH (Германия), Euro HealthGroup (Дания) жана “Хэлси Фьючер” коомдук бирикмелери тарабынан (Кыргызстан) ашке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий