Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына жаңы машыктыруучу дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Максим Лисицын Кыргызстандын футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Ал Кыргызстандын футбол курама командасын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт.

Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КР U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, россиялык адис КР Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Күн мурун Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети Лисицындын талапкерлигин бекиткенден соң, КФБнын президенти Камчыбек Ташиев кураманын жаңы башкы машыктыруучусу менен жолукту. Ал команданын жаңы устатына ийгилик каалап өтүп, анын жетекчилиги алдында курама командабыз жаңы максаттарга жетет деген ишеничин билдирди.

Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга эсептелинген. Максим Лисицын Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий