• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын муфтияты «Биз менен ооз ачыңыз» акциясын баштады

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы "Салих" компаниясы менен биргеликте «Биз менен ооз ачыңыз» акциясын өлкө аймагында баштады.

Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акция алгач Талас облусунда жана Бишкек шаарында старт алды.

«Бишкек шаарында уюштурулган «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы 7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулуп, айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана жалпы эле шаар тургандарына 80 баштык таратылып, майрамдык маанай тартууланды», - деди муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев.

Ал эми Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев ыйык Рамазан айындагы мындай иш-чара Талас шаарынын тургундарын кубанткандыгын баса белгиледи.

«Рамазан мээримдүүлүктүн жана берешендиктин айы. Мына бүгүн Талас шаарынан айыл аймактарга чыгып жаткан бир туугандар үчүн кубанычтуу күн болду. Ооз ачуу мезгилинде жолго чыккандар абдан сүйүнүштү», - деди облус казысы.

Иш-чарага алкагында ооз ачууга жетишпей бара жаткан жүргүнчүлөргө, айдоочуларга атайын ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчалар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий