• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында Кризистик борбор ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдындагы Кризистик борбор ачылды.

Элчиликтен билдиришкендей, борборду ачуу аземи 31-июлда орун алып, ага Москва шаарынын жана Москва облусунун кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери катышты.

Эмгек мигранттарынын укуктук маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, элчилик тарабынан иш-чарага "Медициналык камсыздандыруу капиталы" ЖЧКсынын, Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөк көрсөтүү борборунун жетекчилери, ошондой эле Москва адвокаттар коллегиясынын жактоочулары чакырылды.

Алар катышуучуларга милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу, эмгек талаш-тартыштарын чечүү, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар боюнча маалымат беришти.

Маалымат катары: 2023-жылдын 4-7-мартында Москва шаарында өткөн Биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышуу үчүн Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Жапарованын иш сапарынын алкагында Кризистик борбор түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюлган.

Кризистик борбордун иши Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон КР жарандарына-аялдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий