Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 11 медаль жеңди. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти.
Мелдеш 17-20-декабрда Финляндияда өтүп, дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн спортчулар катышты.
Кыргызстандан барган спортчулар 11 медаль багындырышты:
Алтын медаль – Элдос Айтбаев (70 кг), Айжан Анарбекова (85 кг), Кымбат Нуржанова (65 кг);
Күмүш медаль – Азамат Асанов (60 кг), Бекмырза Токтошев (65 кг), Адилет Аскарбеков (75 кг), Дильбара Иманканова (55 кг);
Коло медаль – Келдибек Атайбек уулу (105 кг), Дильдора Рахмонова (свыше 85 кг), Эльза Абдыкадырова (65 кг), Азат Таштанбеков (90 кг).
Пикир
Оставить комментарий