• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-апрелден 17-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 198-223, 246-чакырымдарына (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Айрым жерлерде жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий