• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кызыл-Кыяда “Укук тартип” иш-чарасынын жүрүшүндө 26 жаранга айып пул салынды

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында өткөн “Укук тартип” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө 26 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 2 күндүк “Укук тартип” аталышындагы комплекстүү иш-чара уюштурулуп, шаар аймагындагы коомдук тартипти сактоо укук бузууларга жол бербөө багытында бир топ иштер аткарылды.

Шаардын тургундарына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир катар эскертүүлөр берилди.

“Укук тартип” иш-чарасынын алкагында жалпысынан 26 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 26 протоколдор толтурулду. Тактап айтканда, ата-энелик милдеттерден качкан – 4, жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежерелин бузуусу – 4, транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу – 7, автоунаасынын алдыңкы терезелерин караңгылаткан – 1, жол эрежесин бузуп автоунаа башкарган – 10 атуул аныкталып, айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий